Кыргызстанда биринчи жолу көзү азиздер үчүн тифлокомментарийлер менен 4 тасма иштелип чыкты

Кыргызстанда биринчи жолу көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар көрүүчүлөр үчүн атайын үн баяндары — тифлокомментарийлери бар 4 фильм түзүлдү. Бул туурасында маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 12-сентябрда “Ч.Айтматов атындагы кино үйү” республикалык мекемесинде “Чексиз Кино” инклюзивдик кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Анда өлкөдө көзү азиз жарандар үчүн “Бейиш эненин таманында”, “Курманжан Датка”, “Салам, New York” жана “Мега Той” кыргыз тасмалары тандалып алынгандыгы айтылды. Бул тасмалар Бишкек, Ош жана Балыкчы шаарларындагы кинотеатрларда толугу менен акысыз көрсөтүлөт.
“Чексиз Кино” долбоору өлкөдөгү көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар көрүүчүлөрү үчүн атамекендик кинолордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Алардын көбү үчүн маданий иш-чараларга, анын ичинде киного жетүү чектелген. Долбоор бул жагдайды өзгөртүүгө жана кыргыз авторлорунун тасмаларын көрүүсү начар жаштарга жеткиликтүү болууга шарт түзүүгө багытталган.
Долбоордун уюштуруучусу “Феномен” коомдук фонду. Долбоор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кыргызстандагы Инклюзивдик демилгелерди колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган коомдук пайдалуу долбоорлор мамлекеттик социалдык тапшырыгынын алкагында ишке ашырылууда", - деп белгиленген маалыматта.
Өлкөдө майыптыгы бар 215 миңден ашык жаран жашайт, алардын 10 миңге жакыны көрүүсү начар адамдар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан