Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бүгүн, 13-сентябрда Британиянын Москвадагы элчилигинин алты кызматкеринин аккредитациясын жокко чыгарганын жарыялады. Ведомствонун айтымында, дипломаттардын аракеттеринде "шпиондук" жана "саботаж" иштеринин белгилери байкалат.
"Россия-24" телеканалы Орусиядан алты дипломаттын чыгып кеткени тууралуу кадрларды көрсөтүп, алардын сүрөттөрүн жана аты-жөнүн жарыялады. Мамлекеттик телеканал билдиргендей, чет элдик дипломаттын Орусиядагы аккредитациясынан ажыратуу автоматтык түрдө анын өлкөдөн чыгарылышына алып келет.
ФСБда Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жооптуу департаментинин Орусиядагы “диверсиялык саясатын” координациялаганын көрсөткөн документтер бар деп ырастоодо. Орус бийлигинин айтымында, бул саясаттын максаты – Орусиянын стратегиялык жеңилүүсүн камсыз кылуу.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Британиянын элчилиги Вена конвенцияларында белгиленген чектен алда канча аша чаап кеткен.
Бул дипломатиялык окуя Британиянын премьер-министри Кейр Стармердин Вашингтонго АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүгө барган учуруна туш келди. Лидерлер Украинанын куралдуу күчтөрүнө Батыш өлкөлөрү жеткирген ракеталарды Орусиянын аймагына атуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашары күтүлүүдө.