Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ысык-Көлдүн жээгинде Tesla унаасын айдаган айдоочуга 15 миң сом айып салды.
Кечээ, 12-сентябрда социалдык тармактарда айдоочу Tesla Cybertruck унаасы менен көл жээгине кирип барган видео тараган болчу.
Унаанын 51 жаштагы айдоочусуна Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом айып салынды.