Украинанын 49 жараны орус туткунунан бошотулуп, мекенине кайтып келишти

Украинанын 49 жараны, анын ичинде аскер кызматкерлери орус туткунунан бошотулуп, мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Зеленский алмашуу болгон-болбогонун так айткан жок, бирок орустарды туткунга алып, “алмашуу фондун” толуктаган украин аскерлеринин эмгегин белгиледи.

Орус тарап азырынча мүмкүн болгон алмашуу боюнча комментарий бере элек.

Бошотулгандардын арасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, полициянын жана чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкерлери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан