Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан 65 медаль жеңди

Кыргызстандын улуттук курама командасы V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 65 медаль жеңди. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Маалыматка ыйлайык, Астана шаарында орун алган оюндарда кыргыз курамасы 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло медалын жеңишти. Мелдеште жалпы 181 спортчу өлкө намысын коргоду.
Белгилей кетсек, 8-13-сентябрь күндөрү өткөн көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн келген, 2 миң 500дөн ашык спортчу 21 спорттун түрүнөн катышты.
Айта кетсек, кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан