Кара-Суу районунда тоноого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноого шектелип кармалды Бул туурасында бүгүн,14-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 11-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1996-жылы туулган М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-сентябрь күнү Шарк айыл аймагында көчөдө турган кезде болжол менен 45 жаштар чамасындагы бейтааныш адам ачык түрдө коркутуп, телефонун тартып алганын билдирген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1978-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал ИИМдин каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан