Бишкекте мас абалында унаа башкарып, милиция кызматкерлерине баш ийбеген 46 жаштагы Б.А. аттуу жаран 3 күнгө камалды. Бул туурасында Патрулдук милиция билдирди.
Маалымдалгандай, айдоочу "Хаммер" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги темирди сүзүп алган. Патрулдук милиция келгенде аларды ооз алгыс сөздөр менен урушкан.
Айдоочуга карата протокол түзүлүп, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту 3 күнгө камоо чечимин чыгарган. Унаа айып короосуна киргизилген.