Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө саат 14:19да Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:19да Биринчи Май райондук N8 АӨКдан 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.