Үч өлкөдө кеминде 6 адам Борбордук Европадагы катуу суу ташкындын курмандыгы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Борис" бороону нөшөрлөгөн жамгырды жана бороон-чапкындуу шамалды алып келди.
Моравиянын чыгышындагы Чехияда бир нече миң адамды эвакуациялоого туура келип, 50 миңден ашуун үй жарыксыз калды. Прагада дарыялар жээктен ашып кетип, ага байланыштуу коргоочу курулуштар курулууда.
Польшада премьер-министр Дональд Туск аба ырайынан жабыркаган аймактардын жашоочуларына жеке кайрылуу жасап, аларды куткаруучулар менен кызматташууга, эвакуациялоодон баш тартпоого чакырды.
Австрияда ондогон муниципалитет бийликтер тарабынан “кырсык зонасы” деп жарыяланып, көптөгөн тургундар эвакуацияланган. Өлкөнүн чыгышында темир жол кыймылы токтотулду. Борбор калаа Венада бир нече метро линияларын суу каптап кетиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам жабылды.