Дональд Трамптын жан сакчылары бир адамга ок чыгарышты

"Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп гольф ойноп жатканда гольф клубунун жанынан ок атышуулар угулду деп", - жазат Би-Би-Си.

Трамп атышуудан алыстыкта ​​болгон. ФБР окуяны "адам өлтүрүү аракети" деп билдирген.

Президенттерди жана экс-президенттерди коргогон жашыруун кызматтын өкүлүнүн айтымында, алардын кызматкери бадалдардын арасынан чыгып турган куралды байкап, дароо ок чыгарышкан.

Күбөлөрдүн бири эркек адам бадалдардын арасынан кара Ниссан унаасына отуруп, айдап кеткенин көргөн.

Полиция шектүүнү кошуна округдун трассасынан кармаган. Жергиликтүү полиция кызматкеринин айтымында, жашыруун кызматтын агенттеринин октору ага тийген эмес.

Бадалдардын арасынан АК-47 үлгүсүндөгү автомат, эки сумка жана GoPro видеокамерасы табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан