Камчыбек Ташиев "Ата Журт" партиясы шайлоолорго катышпай турганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзү түптөгөн "Ата Журт" партиясы 17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Атайын кызматтын башчысы өзү мамлекеттик кызматта турганда партиясын шайлоого катыштыруу туура эмес болуп каларын белгиледи.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча, жер-жерлерде депутат болом деген талапкерлер "Ата Журт" партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жерлерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жаткан экен. Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр. "Ата Журт" партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам, партия 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. Эмне үчүн мындай чечимге келдим. "Ата Журт" партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта отуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын", - деди Ташиев.

Ошондой эле УКМК жетекчиси "Ата Журт" партиясы 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышканынын себебин түшүндүрдү.

"Чынымды айтсам, ал убакта чырм эткенге убакыт жок, иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин. Партиянын мүчөлөрү келип, "Камчыбек Кыдыршаевич уруксат берсеңиз, "Ата Журт" партиясы менен парламенттик шайлоого катышалы" деп сурангандарынан уруксат берип койгон элем. Эми мындан ары “Ата Журт” партиясы шайлоолорго катышпайт. Ошондуктан, урматтуу "Ата Журт" партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары, сөзсүз эле "Ата Журт" партиясы менен депутат болуп келишиңер милдет эмес. Өзүңүздөр каалаган, көңүлүңүздөргө жаккан, эл үчүн күйүп-бышып иштеп бергенге даяр болгон партиялар менен шайлоого катышыңыздар! Кайсы партия менен шайланып келсеңер дагы эл үчүн иштеп берериңерге терең ишенем. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. "Бийликте туруп бардык аймактар боюнча партиясын өткөрүп келип алды" деген сөздөн алыс болуш үчүн ушундай кадамга бардым. Бир да партияга же кандидатка болушпайбыз жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жардам берүүсүнө жол бербейбиз.

Кандай гана шайлоолор болбосун жаңылбай тандоону унутпаңыздар! Сиздер шайлаган депутаттар беш жыл бою сиздердин өзүңүздөрдүн тагдырыңыздарды чечишет. Ошондуктан ар бир талапкер боюнча жети өлчөп, бир кесиңиздер. Коррупцияга жана криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерлерди тандаңыздар. Добушуңуздарды сатпаңыздар! Саткан адам да, сатып алган адам да жоопко тартыларын унутпаңыздар. Мындан ары Кыргызстанда кандай гана шайлоолор болбосун таза өтүш керек. Аны сиздер менен биригип баарыбыз камсыз кылалы. Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нургожоевич экөөбүз таза шайлоо, таза коом, таза мамлекет курсак деген кыялыбыз бар жана ошол кыялыбызды орнотуп, күчтүү, таза, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдейбиз. "Ата Журт" партиябыз мамлекетибизге кандай кызмат кылганы тарых барактарында жазылып калат", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан