Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жана жолдошу жакында төртүнчү ирет наристелүү болушат. Мындай кабарды ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Сүйүнчү, биздин үй-бүлө төртүнчү наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз! Эстелик болсун деп "гендер пати" өткөрүп алдык. Наристе күтүп жаткандар, сиздерге да жуксун", - деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров эки уул, бир кызды тарбиялап келишет.