Бүгүндөн баштап Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги өзгөрүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, эми Калкты тейлөө борборлору саат 08:00дөн 18:00гө чейин саат 12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу менен иштешет.
Аталган министрлик бул кадам жарандарды тейлөөдөгү ыңгайлуулук менен натыйжалуулукту арттыруу максатында багытталгандыгы тууралуу билдирди.