Бүгүн, 16-сентябрда УКМК Кыргызстандан коңшу Өзбекстанга бодо мал айдап өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкысын Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүп бараткан учурда Кыргызстандын жараны Б.Т. кармалды.
"Кармалган Б.Т. Өзбекстандын Хабибилло аттуу жараны менен алдын ала макулдашып алып, Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң сом сый акы катары алган жана чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Көк-Таш айылынын аймагынан жылкыларды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, - деп айтылат билдирүүдө.
Атайын кызмат ушул сыяктуу эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргызстандан Өзбекстан Республикасына айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган К.Б. аттуу кыргыз жараны кармалганын кошумчалады.
"Мыйзамга ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Бул жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.