Бүгүн, 16-сентябрда саат 07:19да Кытайда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө Каракол шаарынан 211 чакырым түштүк-чыгыш тарапта сезилди.
Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөө сезилген жок.