"Ифрит" тасмасынын жаратуучулары: "Бул кинону тартуу оңойго турган жок"


Жакында эле Кыргызстанда жаңы хоррор жанрындагы “Ифрит” тасмасы тартылып, кино чыкканга чейин эле интернет колдонуучуларын коркутуп баштаган. SUPER.KG порталы аталган фильмдин жабык көрсөтүүсүнө күбө болуп, кино жаратуучулар менен маектешти. Алар тасманы тартуу оңой болбогонун, бир катар кыйынчылыктар менен коштолгонун билдиришти.

"Бул тасма үч тамгалуулар жөнүндө. Ал эми "Ифрит" ошолордун эң жогорку деңгээлинде турган, адамга зыян келтирүүчү жин болуп эсептелинет. Биздин тасмабыз дагы ошондой жин тууралуу.

Азыркы учурда жиндер тууралуу окуялар көп болууда. Биз колдон келишинче кино аркылуу туура жагын көрсөткөнгө аракет кылдык", - деген кинонун сценарийин жазган Дастан Дамиров.

Ал эми тасманы тартуу иштери башталганда локация табуу дагы оңойго турбаганын, көптөр кинонун жанрын укканда эле баш тартып коюшканын тасманын режиссёру Санжар Осмонбеков айтып өттү.

Ошондой эле тасмага тартылган актёрлор тартылуу учурундагы көз ирмемдери менен бөлүшүп, сууда бир нече күн тартылган күндөрүн эскерип өтүштү.

"Кино ысыгы менен, чиркейлердин чакканы менен эсте калды окшойт. Сууда тартылган учурларда, түндө кинонун жарыктарын койгон кезде чиркейлер ошол жерге топтолуп, сууга кирип-чыккан сайын кийимдин сыртынан чагып жатты. Азыр дагы ошол тактар кете элек. Кинонун 4-5 күнү сууда тартылган. Ошол учурлар эң көп эсте калыптыр", - дейт актёр Жылдызбек Касейинов.

Жабык көрсөтүүнүн аягында тасманы көрүүгө келген көрүүчүлөр дагы тасмага жылуу пикирлерин калтырып өтүштү.

Кинонун жабык көрсөтүүсүн толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан