Рамис Кудайбергенов: Улакчылар "салып бердиңер" деп бизге капа болушту (видео)

Казакстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жер улак боюнча финалындагы адилетсиздик үчүн кыргыз улакчылары өлкөнүн Көк бөрү федерациясына нааразы болушту. Бул тууралуу федерациянын эксперти Рамис Кудайбергенов бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйында айтты.

"Оюнда мен команданын жанында болдум. Балдар "бул эмне дегендик, биз ойнойбузбу? Барып айтпайсыңарбы? Бул күрөшпү же эңишпи?" деп келип жатышты. Эми биз дүйнө көргөн нерсени далилдей албай койгондон кийин барган жокпуз. Чынын айтыш керек, балдар бизге, жетекчилерге капа болушту. "Силер бизди ушундай ыпластыкка салып бердиңер" дешти. Биз балдарга "эки элдин ынтымагы үчүн оюнду бүтүрүп бергениңер эрдик болду" деп түшүндүрүп бердик", - деди ал.

Ошондой эле Кудайбергенов кыргыз улакчыларынын адилетсиздикке, кысымдарга чыдагандыгын "баатырдык" деп сыпаттады.

Эске салсак, 12-сентябрда Астана шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн жер улак боюнча беттештин финалында кыргыз-казак улакчыларынын ортосунда чыр чыгып, оюн үзгүлтүккө учураган. Беттеш кайра улантылып, жыйынтыгында казак тарап 5:4 эсеби менен жеңип кеткен. Оюнда казак улакчылары кыргыз спортчуларын камчы менен чаап, колунан тартып эреже бузушкан.

16.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан