Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаттык санын көбөйттү. Мындай маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
"Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаттык саны 2 миллион 389 миң 150 адам, анын ичинде 1,5 миллиону аскер кызматчысы болуп белгиленсин", - деп айтылат Путиндин кол койгон жарлыгында.
Мурунку жолу орус армиясынын саны былтыр декабрда көбөйтүлгөн. Анда 2 миллион 209 миң 130 адам болгон.