Өлкөдө 8009 бош жумуш орун бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:
- Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;
- Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, медайым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;
- Кассирлер – 151;
- Соода агенттери – 63;
- Менеджерлер – 59
- Бухгалтерлер – 46;
- Юристтер – 25;
- Экономисттер – 7;
- Инженер-куруучу – 48;
- Психологдор – 18;
- Тигүүчүлөр – 2276;
- Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;
- Айдоочулар – 463;
- Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (чачтарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;
- Ар тараптуу жумушчулар – 2344.
Орточо айлык ушул жылдын биринчи жарым жылдыгына карата:
- өнөр жай тармагында – 52 866 сом,
- курулушта – 34 554 сом,
- соода сатыкта – 37 601 сом,
- унаа тармагында – 46 165 сом,
- кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом,
- финансы тармагында – 62 298 сом,
- билим берүү тармагында– 25 112 сом,
- саламаттыкты сактоо тармагында – 21 368 сом түзөт.
Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 1899 номерине чалып (иш күндөрү саат 09.00-18.00 чейин) маалымат алса болот.
Мындан сырткары жарандар
zanyatost.kg веб-порталынан республика боюнча бош орундар менен тааныша алат жана контакты блогунан ар бир райондун даректери жайгашкан.