"Дүйнөдөгү эң кары адам". Гиннесс китеби жаңы рекорд койгон адамдын ысымын атады (видео)

Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү дүйнөдөгү эң кары аялдан кабар алып, ага атайын сертификат тапшырышты.

Дүйнөдөгү эң кары адам - ​​Томико Итоока 1908-жылы 23-майда Японияда туулган. Учурда ал 116 жашта.

"Биз ага Гиннесстин рекорддор китебинин расмий сертификатын акыркы беш жылдан бери жашаган Азиядагы Хёго префектурасындагы карылар үйүнө барып тапшырдык. Өткөн айда 117 жаштагы Мария Браньяс Морера өлгөндөн кийин Томико эң кары аял жана эң кары адам наамдарын алды", - деп айтылат Гиннесс китебинин сайтында.

Томико Итоока Осака шаарында император Мэйдзинин тушунда төрөлгөн. Орто мектепте окуп жүргөндө япониялык аял волейбол командасына мүчө болуп, 1979-жылы күйөөсү каза болгондон кийин аскага чыгуу менен алектенген.

Белгилей кетсек, документтери тастыкталган дүйнөдөгү эң кары адам франциялык Жанна Калмент бойдон калууда. Ал 122 жыл 164 күн жашап, 1997-жылы август айында каза болгон. Итоока бул көрсөткүч боюнча азырынча 23-орунда турат.

Дүйнөдөгү эң кары адам
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан