Бразилияда теледебат учурунда мэрликке талапкер атаандашын отургуч менен чаап жиберди (видео)

Кечээ, 16-сентябрда Бразилиядагы Сан-Паулу шаарынын мэрлигине талапкерлердин теледебаты болду. Анда талапкерлердин бири атаандашын отургуч менен уруп жиберген. Ал эми жабыркаган талапкер оор жаракат алганы айтылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, теледебатта "Социал-демократ" партиясынын өкүлү Хосе Луис Датена жана "Эмгекти жаңылоо" партиясынан Пабло Марсал болгон. Марсалга суроо берүү укугу келгенде атаандашына, “клоундукту” токтотуп, качан талапкерлигиңди алып саласың" деген суроо узаткан. Жооп катары Хосе Луис Датена атаандашын отургуч менен уруп жиберген. Кол салуу болгондон кийин теледебатты түз алып берүү токтотулган.

Ал эми Марсал ооруканага жаткырылган. Ошондой эле оорукананын кызматкерлери анын кабыргасы сынганын айтышкан. Жабыркаган талапкердин дүйшөмбүдө боло турган шайлоо алдындагы иш-чаралары жокко чыгарылды.

Бразилияда теледебат учурунда мэрликке талапкер атаандашын отургуч менен чаап жиберген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан