Жаңы жыл алдында ырчы Жумагүл Раимжан кызы “Ак көйнөк” аттуу ырын элге тартуулады. Сөзү, обону Ибрагим Жунусовго таандык чыгарма ырчынын репертуарындагы шаңдуу жана тамашалуу ырлардын бири болуп калмакчы.
“Ырда азыркы күндөгү көрүнүштөр чагылдырылган. Кээ бир жигиттер келинчектери бар туруп башка кыздарга сөз айтышат эмеспи. Ушул сыяктуу окуялар тамаша иретинде жазылган. Аталган ырга клип да тарттырып жатабыз. Буюрса, Жаңы жылдан кийин элге тартуулайбыз”,- деди Жумагүл Раимжан кызы.