Министрлер кабинетинде күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Анда жылытуу мезгилине даярдык, Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер жана милдеттер, курулуш тармагындагы учурдагы жана пландаштырылган долбоорлор талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.