Бишкек шаарында адам өлтүрүү фактысы боюнча Биринчи Май райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 12-декабрь күнү милиция бөлүмүнө Чоң Чүй каналынын аймагында катуу сабалган белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Биринчи Май райондук ыкчам изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, каза болгон адам Бишкек шаарында жашаган 1985-жылы туулган Б.Сергей экени аныкталган. Тиешелүү иш-чаралар көрүлгөн соң, ошол эле күнү кечинде аталган кылмышка шектүү делип эки жаран кармалды. Алардын бири мурун баңгизат боюнча соттолгон Кант шаарынын тургуну 1986-жылы туулган З.Андрей болсо, экинчиси уурулук фактысы боюнча соттолгон Бишкек шаарынын тургуну 1981-жылы туулган К.Валерий. Учурда Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар камакка алынды.