Жеңил салмактагы UFC'нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн социалдык түйүндөрүндө Германиянын улуттук курама командасынын жана "Реал Мадриддин" коргоочусу Антонио Рюдигердин чакыруусуна жооп берди.
Испаниялык клубдун коргоочусу Инстаграм баракчасына мурдагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун "Реал Мадриддин" жарым коргоочусу Жуд Беллингемди туурап түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Рюдигер бул сүрөттө Хабибди белгилеп, жекеме-жеке (1vs1) чыгуу боюнча ишарат калтырган. Бул билдирүүгө Нурмагомедов алар жекеме-жеке чыгуу футболдо эмес, ММА'да болорун, андыктан этият болушу керектигин жооп катары жазган.