Инженер Гюстав Эйфелдин урпактары Франциянын баш калаасынын мэринин Эйфель мунарасындагы олимпиадалык шакекчелерди калтыруу сунушуна каршы чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Париждин мэри Анн Идальго Эйфель мунарасында олимпиадалык шакекчелерди калтырууну жактап чыккан.
"Париждин мэри катары мен чечим чыгарам. Ал эми Эл аралык олимпиадалык комитеттин уруксаты бар. Демек, Олимпиада шакекчелери Эйфель мунарасында калат", - деген Идальго.
Буга Эйфелдин урпактары таптакыр каршы экендиктерин билдирип чыгышкан. Алардын айтымында, Франциянын борбор калаасынын негизги мунарасы жарнамалык аянтча катары колдонулушу мүмкүн эмес.
Интернетте Идальгонун сунушуна каршы петицияга 40 миңден ашуун адам кол койгон. Кырдаалга Франциянын Маданият министри Рашида Дати да кийлигишкен. Ал Эйфель мунарасын коргоого алынган эстелик катары өзгөртүүгө уруксат керек экенин белгилеген.
"Олимпиадалык шакекчелерди илип коюу өзгөчө жагдай катары жана атайын олимпиадалык мыйзамдын жардамы менен жасалган, бирок ал убактылуу гана күчүндө", - деген Дати.
Бирок буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон мунарадагы шакектерди калтырууну колдогон.