Украиналык мушкер Александр Усик Польшанын аэропортунан кармалды (видео) 

Украиналык мушкер Александр Усик Краков аэропортунда кармалганын Жогорку Раданын депутаты Жан Беленюк 17-сентябрда өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Кийинчерээк анын жубайы Екатерина социалдык тармактарга "Усиктин кармалышында эч кандай кылмыш жок, кийинчерээк ал баарын түшүндүрөт" деп жазган.

Усик андан көп өтпөй бошотулган. Украин маалымат каражаттары жазгандай, мушкер унаа ылдамдыгын чектен ашырып айдаганы себеп болгон. Украинанын президенти Владимир Зеленский Усик менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, болгон окуяга нааразычылыгын билдирди. Ал Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлигинин башчысына кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну тапшырды.

Александр Усик биринчи оор жана оор салмак категорияларындагы бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. 2022-жылы Украинанын спорт министри Вадим Гутцейт Усик британиялык Энтони Джошуа менен реванш беттешине чейин Украинадан машыгуу сборуна кетүүгө уруксат алганын билдирген. Бул коомчулуктун сынына алып келди, анткени аскер курагындагы эркектерге Украинадан чыгууга тыюу салынган.

Украиналык мушкер Александр Усик
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан