Казакстандан өлкө аймагына ийри мүйүздүү мал жандыктарын мыйзамсыз өткөрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул маалыматты УКМКдан бүгүн, 18-сентябрда билдиришти.
Атайын кызмат билдиргендей, шектүү А.у.Н. 12-сентябрда "Чон-Капка" чек ара заставасынын аймагында Казакстандан 308 баш ийри мүйүздүү Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүү учурунда кармалган.
Азыркы учурда УКМК тарабынан жогорудагы факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.