Шакиев "парламент тарайт экен" деген кептерге жооп берди (видео)

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев айрым саясатчылар тарабынан ушак-айың таратылып, парламент тарай турганы жөнүндө кеп кетип жатканына токтолуп өттү. Ал учурда коомдук-саясий абал туруктуу экенин айтып, эч кандай өзгөрүү болбой турганын билдирди.

"Акыркы күндөрү айрым ушак-айыңга жакын саясатчылар, ар кандай адамдар, "өлкөдө өзгөрүүлөр, референдум болот экен, парламент тарайт экен, депутаттардын саны кыскарат, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болот экен" деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Мунун бары суу кечпеген сөздөр. Өлкөдө эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт, аны татыктуу, таза өткөрүү керек. Баары мыйзам чегинде, өзүнүн кезеги менен болот. Ушундай сөздөргө чекит коюшубуз керек", - деди төрага.

Ошондой эле Шакиев диний кырдаал боюнча талкууларга да пикирин айтып, дин иштерине мамлекет аралашпай турганын, жоолукка чектөө болбой турганын кошумчалап өттү.

"Диний маселелер боюнча коомдо ар кандай талкуулар болуп жатат. Бул мыйзамдын тегерегинде биз туура багыт берип коюшубуз керек. Дин иштерине мамлекет аралашпайт. Мыйзамды дагы дин иштери боюнча комиссия, аалымдар жазып келишет. Ар кандай чектөөлөр болот экен деген сөздөр айтылып жатат. Эч кандай жоолук алынбайт, бул биздин салтыбызда дагы, динибизде дагы болгон. Кыз-келиндер, апалар жоолук салынган. Ал эми дааваттын жардамы менен өлкөдө аракечтик, баңгизат, сойкулук жоюлуп келген, бирок баары иретке салынышы керек, ирети менен болот", - деп билдирди Шакиев.

Шакиев коомдук-саясий абал жана диний кырдаал боюнча пикирин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан