Орусиядагы мектептерде жана ага чейинки билим берүү уюмдарында орус тилин жакшы билбеген чет элдик жарандардын балдарына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу орус басылмалары Билим берүү министрлигинин аймактарга жөнөткөн методикалык сунуштамасына көрсөтмө берүү аркылуу жазышты.
«Орус тилин начар билген балдарды окутуу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окуткан менен барабар. Ошондой эле кыйынчылыкты туудурат. Андыктан ар бир класста же топто орус тилин өздөштүрө албаган, үчтөн гана бала калсын”, - деп айтылган билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Сергей Миронов баштаган Мамлекеттик Думанын депутаттары орус тилин билбеген чет элдик жарандардын балдарына чектөө киргизүү боюнча кайрылуу жолдошкон. Ведомство парламентарийлердин сунуштары менен макул болду.