Баткен облустук милициясы Кадамжайда мыйзамсыз ок атуучу курал көтөрүп жүргөн 40 жаштагы тургун кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, ал Тегирмеч жайлоосунда кармалган.
Бул маалымат Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир дүрмөттүү сайлуу курал эки даана огу менен алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.