Тверь облусундагы аскер кампаларында жардыруу болгону айтылды (видео)

18-сентябрга караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Тверь облусуна чабуул жасаган. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Кийинчерээк Тверь облусунун өкмөтүнүн Телеграм каналында билдирүү пайда болуп, анда Торопец муниципалдык аймагында абадан коргонуу жана өрт кырсыгын алдын алуу максатында жарандар коопсуз жакка көчүрүлүп жаткандыгын айткан. Ошондой эле абал көзөмөлдө экендигин билдирген.

Басылмаларга жарандар курал-жарактар жайгашкан кампаларга абадан сокку урулганын айтышкан. Айрымдары ал аймакта аскер бөлүктөрү бар экендигин кошумчалашты.

Видеолордон жарандар өз үйлөрүн алыс жактан издеп жатканын жана өрт кырсыгы каптаган аймактардагы абалды көрүүгө болот.

Айта кетсек, Орусиянын Коргоо министрлиги түнү өлкө аймагына 54 учкучсуз учактар менен сокку урулуп, алар атып түшүрүлгөнүн билдирди. Жыйынтыгында мекеме Курск, Брянск, Смоленск, Белгород жана Орел облустарын гана атаган.

Тверь облусундагы аскер кампаларында жардыруу болгону айтылды
Тверь 18.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан