Бишкекте жайгашкан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Бул туурасында президенттин администрациясынан бүгүн, 18-сентябрда кабарлашты.
Окуу жай өлкөдөгү техникалык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн сыйланган.