Италиянын жана "Ювентустун" мурдагы чабуулчусу Сальваторе Скиллачи (каймана аты Тото) 59 жашында каза болду. Буга чейин легендарлуу футболчуга жоон ичеги рагы диагнозу коюлган.
Маалыматтарга караганда, 1990-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун "Алтын бутса" сыйлыгынын жеңүүчүсү 2022-жылдан бери жоон ичеги рагы менен күрөшүп келет. Ошондой эле диагноз коюлгандан бери форвардга эки жолу операция жасалганы кабарланды.
Карьерасында Сальваторе Туриндин "Ювентус" жана Миландын "Интер" клубдарында ойногон, бирок ал улуттук команданын курамында эң маанилүү оюндарын өткөргөн. Ал 1990-жылкы Дүйнө чемпиондугунун "Алтын бутсасы" үчүн легендарлуу футболчу Диего Марадонаны жеңип алган.
Белгилей кетсек, Скиллачи карьерасын 1997-жылы жыйынтыктаган. Италия курама командасынын курамында ал Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси болуп, турнирдин бомбардири жана мыкты оюнчусу деп табылган.