Ошто 49 жаштагы Зунду Таштемиров дайынсыз жоголду

Ош облусунун Кара-Суу районунун 49 жаштагы Таштемиров Зунду Эгенбердиевич аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, милицияга 13-сентябрда Отуз-Адыр айылынын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 1975-жылы туулган иниси 11-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.

Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдардын негизинде издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: кара түстөгү шым, кара түстөгү жемпир жана кара түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү орто, кара тору, чачы кара түстө.

Милиция Таштемиров Зундуну көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 03222 5-31-81, 03222 5-81-28, 0557 54-00-30, 0553 54-10-10, 0558 82-48-80.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан