Илон Масктын Neuralink компаниясы тубаса сокурлардын да көрүүсүн калыбына келтире турган технологияны жаратты. Ал АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан уруксат алган.
Жаратуучулардын айтымында, алгачкы этаптарда бул "көрүү" 8 биттик Atari графикасы сыяктуу азыраак көрөт. Бирок убакыттын өтүшү менен ал "кадимкидей көрө баштайт". Келечекте эксперименталдык аппарат инфракызыл, ультрафиолет, ал тургай радар диапазондорунда көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Мисал катары Маск "Жылдыз жолу: Кийинки муун" илимий фантастикалык сериалынын каарманы Жеорди Ла Форжду келтирди. Сокур болуп төрөлгөндүктөн жарым ай аппаратты тагынып, көрүүсүн калыбына келтире алган.