Бишкекте Лев Толстой көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Лев Толстой көчөсү Тимур Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы, бордюрлар жана дренаж үчүн кошумча скважина орнотулду.

Мындан тышкары көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, ШМА (шагыл мастикалык асфальт бетон) төшөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан