УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы Ш.Р. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
"Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 15 миң доллар пара сунуштаган", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.