Ошто 11 жылдан бери издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Өзгөндө 11 жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция тарабынан ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Өзгөн районунун 1979-жылы туулган С.А. аттуу тургуну кармалып, камакка алынган.

"Ал 2013-жылдагы Өзгөн райондук сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 234-беренеси (Бейбаштык), 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү), 241-беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, издөөгө алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан