Ошто айыл өкмөт баш болгон мурдагы жана учурдагы атка минерлер кармалышты (видео)

Өзгөн районунда мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан 21-июнда Кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө райондун аймагындагы базар баасы 1 миллион 350 миң сомду түзгөн 0,5 гектар жер тилкеси айыл өкмөттүн аймагында жашабаган жана аймактын тургуну катары каттоого турбаган жаранга жеке менчикке берилгендиги аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары 17-сентябрь күнү 57 жаштагы Дөң-Булак айыл аймагынын мурдагы башчысы С.Э., 67 жаштагы мурдагы жер адиси А.А. жана 40 жаштагы айыл өкмөттүн учурдагы жер адиси М.Ф. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

"Ал эми 18-сентябрь күнү учурдагы Кадастр мамлекеттик мекемесинин кызматкери болгон 51 жаштагы О.Н. кармалса, 19-сентябрь күнү учурдагы айыл өкмөт башчысынын орун басары 36 жаштагы П.Э. аттуу жарандар шектүү катары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

19.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан