"Мирзиёевге дароо кабарланды". Өзбекстандагы газ кенинде төрт адам каза болду

Коңшу Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Байсун районундагы “Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы” газ кенинде авария болуп, 4 адам каза болду. Бул маалыматты Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов тастыктады.

Анын айтымында, каза болгондор шахтада иштеген подряддык компаниянын кызматкерлери болгон. Алардын өздүгү такталды. маркумдардын ичинен экөө Кашкадарыя облусунун Гузар районунан, экөө Байсун шаарынан болгон.

Шерзод Асадовдун айтымында, окуя тууралуу президент Шавкат Мирзиёевге дароо кабарланган. Президент тиешелүү тапшырмаларды берип, реалдуу убакыт режиминде кырдаал тууралуу маалымат алат.

Окуя болгон жерге жооптуу министрликтердин жана уюмдардын жетекчилери келишти. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда жергиликтүү түзүмдөргө жардам берүү үчүн чет элдик адистер тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан