Израиль армиясы Ливандын түштүгүндөгү "Хезболланын" буталарына чабуул жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, кыймылдын лидери Хасан Насралланын сүйлөгөн сөзүн түз алып берүү маалында Бейруттун үстүнөн тез ылдамдыкта учкан бомбалар карапайым калк арасында катуу дүрбөлөңдү жаратты. Насралла өз кезегинде Израиль "кызыл сызыктарды кесип өткөнүн" айтып, тез арада жооп кайтарылары тууралуу убадасын берди.
"Израилдин коргонуу күчтөрү Ливандагы "Хезболланын" буталарына сокку урду", - деп билдирди Израилдин басма сөз кызматы.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында аскердик операция “уюмдун террордук потенциалын жана аскердик инфраструктурасын кыскартуу” максатында жүргүзүлүп жатканы жазылып жатат.
Кол салуу "Хезболланын" лидери Хасан Насралланын эл алдында сүйлөгөн сөзү менен бир убакта башталды. Анда ал дээрлик 40 адамдын өмүрүн алган пейжердин жарылуусу тууралуу айткан. Анын сөзү бардык жерде, анын ичинде Бейруттун жана башка ири шаарлардын көчөлөрүндө түз эфирде берилди.