Кытайда ажырашуулардын саны өсүүдө

Кытайдын Улуттук статистика бюросунун расмий маалыматына ылайык, өлкөдө никеге тургандардын саны 2013-жылы 13 миллион болсо, 2022-жылы 7 миллионго да жетпейт. Бул 1985-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Бул тууралуу CNN агенттиги билдирди.

Өткөн жылы өлкөдө никелешкендердин саны бир аз өскөн. Башкача айтканда, баш кошкондордун саны 8 миллионго көбөйгөн. Бирок Кытай бийлиги бул көрсөткүчкө тынчсызданууда.

Маалым болгондой, ажырашуулардын саны 2019-жылга салыштырганда төрт эсе көп катталды.

Өкмөт ажырашууларды токтотууга аракет кылып, 2021-жылы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Анда жубайлар ажырашууга чейин 30 күн ойлоно алышат. Бул убактылуу төмөндөөгө алып келген. Бирок бул өзгөртүүлөр да жардам бербей, ажырашуулардын саны 2023-жылы 25 пайызга өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан