Бишкектеги "Аламүдүн", "Орто-Сай" жана "Ош" базарларындагы эттин баалары текшерилди. Бул тууралуу кечээ, 19-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы "Аламүдүн", "Орто-Сай" жана "Ош" базарларындагы эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлгөн.
"Текшерүүдөн кийин 18-сентябрдын мониторингинин жыйынтыгында эт азыктарынын баасы бүгүнкү күнгө карата туруктуу экендиги байкалды", - деп айтылат маалыматта.