"Ата махабатын көрсөттү". Ырчы Ерке Есмахан жолдошу уулуна унаа белек кылганын айтты 

Казакстандык ырчы Ерке Есмахан жолдошу Раим тун уулуна унаа белек кылганын билдирди. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасына видео жүктөп, жолдошуна ыраазычылыгын жазды.

"Биз үй-бүлө кургандан тартып, Раим Муслимдин баскетболго болгон кызыгуусун колдоду, англис тилин жакшыртсын деп Англияга жөнөттү. Муслимдин жабык мүнөзүн ачууга аракет кылды. Ден соолугуна, досторуна, үйдөгү тарбиясына аябай көңүл бурду. Мектептеги ата-энелердин группасына дагы Раим кошулган. Эң негизгиси ушул кезге чейин ата мээримин сезбеген уулума, ата махабатын көрсөттү. Кичинекей кезининен бери чоң ата, чоң энесинде өскөн. Учурда, Аллага шүгүр, "ата, апа" деп толук үй-бүлөдө өсүүдө.

Бүгүн атасы уулума унаа белек кылды. Унааң куттуу болсун, балам", - деп билдирүү калтырган ал.

Белгилей кетсек, ырчы Ерке Есмахан менен рэпер Раим былтыр январь айында баш кошушкан. Учурда эки уулду тарбиялап жатышат.

Казакстандык ырчы Ерке Есмахан жолдошу уулуна унаа белек кылганын айтты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан