УКМК наркы 30 миллион сомдон ашык алтын куймаларын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт койду. Бул боюнча атайын кызмат бүгүн, 20-сентябрда маалымат таратты.
Анда айтылгандай, ушул жылдын 17-сентябрында Казакстандын аймагына бараткан "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Текшерүүдө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок, салмагы 3,3 килограмм алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.
Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.