Кемерово облусунда 20-сентябрга караган түнү үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде бир нече турак жай жараксыз абалга келген.
Үйлөрдүн шыбы адамдардын үстүнө кулап, ичиндеги плиткалар учуп, эмеректер кулады. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.