"Кыраакылыкка тарбиялайт". Ошто «Тайтору» спектаклинин жабык көрсөтүүсү болду

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында "Семетей" эпосундагы Тайторунун ат чабышы спектакли жабык эшик аркылуу көрсөтүлдү. Ал Кыргызстандагы "Интерньюстун" "Билим Айтыш" долбоорунун алкагында уюштурулду. Каармандардын ролун жараткан жаш манасчылар акыркы бир жылдан бери тийиштүү адистердин сабагынан өтүп, такшалып, алгачкы жолу эл алдына чыгышты.

Долбоордун жетекчиси Максуда Айтиеванын айтымында, чыгарма баатырдын тагдырын гана сүрөттөбөй, энелик милдетти, тунук сүйүүнү, кыргыз айымдарынын кыраакылыгын көрсөткөн.

"Бул чыгарма менен жаштарды мекенди сүйүүгө, улуттук салт-санааны туу тутууга үндөөгө мүкүнчүлүк кенен ачылган. Ошондой эле аялдын коомдогу орду бийик экендигин чагылдыруу максаты коюлган", - деп белгиледи Айтиева.

Спектаклдин каармандарынын бири, манасчы Самат Көчөрбаев бул сахналаштырылган көрүнүштүн тарбиялык жактан мааниси көп экендигин айтты.

"Чыгарманы көп этапта карап, анын тарбиялык жагын алса өтө чечкиндүү багыттар болот. Биринчиден, Тайторуну сүрөгөндөй Кыргызстанды колдоп, сүйүп турсак өнүгүү өтө бат эле болот.

Экинчиден, күйөөсү өлсө да кайненеси менен баласын эч кимге көз карандысыз кылып өстүргөн Каныкейдин образы, кайнене менен келин маселесиндеги багыттарга чечим берет.

Семетей мекени кайда экенин угуп, эч нерсеге карабай кайтып келгени учурдагы миграцияга шайкеш келет. Семетей сыяктуу 12 жашка чыккан кыргыздын жигиттери ата-энелери менен алыста. Демек, алардын мекенге кайтуусуна, аны сүйүп, эне тилинде сүйлөшүнө тарбиялык багыт бере алат", - деди манасчы.

«Семетей» эпосундагы Каныкейдин Тайтору менен ат чабышка катышкан бөлүгү сахнада биринчи жолу көрсөтүлдү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын жана облусунун жетекчилери, райондук администрация өкүлдөрү, алп манасчылар келип катышты.

«Тайтору» спектакли "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып жаткан «Медиа-К» долбоорунун алкагында жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги USAID аркылуу уюштурулган.

Спектаклден соң сунуш-пикирлер айтылып, манасты жайылтуудагы ойлор ортого салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан