Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылып, жаңы фонтандар иштеп баштады.
Иш-чара эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолду.
Мэрия мындай фонтан топтору Кыргызстанда биринчи жолу ачылып жатканын белгиледи.
Аянттагы реконструкция иштери апрель айында башталган болчу.