Бишкекте көчөдө аялын унаага күч колдонуп салганы жаткан эркекти башкалар арачалап калган видео тарады. Бишкек шаардык милициясы окуя тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, кечээ, 21-сентябрда саат 15:30 чамасында милицияга эркек киши аялды сабап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Свердлов РИИБине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ошол замат милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, жеринен 1990-жылы туулган А.Ы. аттуу жаран 1988-жылы туулган мурунку аялы А.З. менен уруша кетип, андан соң кол көтөрүп баштаганы такталган.
Ал жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жабырлануучу келин арыз жазган.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.